BISHKEK INTERNATIONAL DENTAL EXPO — Кыргыз Республикасындагы стоматология тармагындагы алдыңкы эл аралык адистештирилген көргөзмө. Көргөзмө стоматология индустриясынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген адистерди, өндүрүүчүлөрдү жана ишкерлерди бир аянтчага чогултат. Бул жерде катышуучулар тармактагы акыркы инновациялар менен таанышып, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүп жана Кыргызстандагы стоматологиянын келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулай алышат.
3000+
Конок
Стоматологдор, мамлекеттик жана жеке клиникалардын жетекчилери, дистрибьюторлор, дилерлер, сатып алуулар боюнча адистер, стоматологиялык дүкөндөр, студенттер жана акыркы керектөөчүлөр
70+
Катышуучу
Көргөзмөгө дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстан, Россия, Казакстан, Пакистан, Корея, Кытай, Түркия жана башкалардан 75 компания катышат
25+
Спикер
Ишкердикү программада дүйнөлүк компаниялардын өкүлдөрү жана стоматология тармагындагы алдыңкы эксперттер катышат.
FAQ
Көп берилүүчү суроолор
Сурооңузга жооп таба албадыңызбы? Бизге жазыңыз — бир жумуш күнүнүн ичинде жооп беребиз.
Көргөзмөгө кирүү акы төлөнөбү?
Жок. Көргөзмөгө кирүү үч күн бою толугу менен акысыз.
Бир электрондук почта дареги аркылуу бир нече адамды каттоого болобу?
Жок. Бир электрондук почта дарегине бир гана катышуучу каттала алат.
Билетти басып чыгара албай жатам. Принтер жок болсо эмне кылышым керек?
Көргөзмөгө келгенде каттоо стойкасындагы планшетке электрондук почта дарегиңизди киргизиңиз, ошондо сизге келүүчүнүн бейджин басып беришет.
Көргөзмөгө келгенден кийин катталса болобу?
Ооба. Бирок көргөзмөдө планшет аркылуу каттоо формасын толтурушуңуз керек болот жана кезекте күтүүгө убакыт кетиши мүмкүн. Убакытты үнөмдөө үчүн алдын ала онлайн катталууну сунуштайбыз.
Көргөзмөдөн продукция сатып алууга болобу?
Ооба. Көргөзмөгө келгендер сунушталган продукцияларды түздөн-түз сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, адистерден кеңеш алып, компаниялардын өкүлдөрү менен түз байланышып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алышат.